Дмитриевкада террористти кармоодо турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Бүгүн, 17-майда эртең менен саат 08:21де Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы Совет кочөсүндө ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо операциясын өткөрүштү. Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөтүп, натыйжада ал жашап келген үй өрттөнгөн. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин пресс-борборнан маалымдашты.

Жерине саат 08:21де Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Абал кооптуу болгондуктан күч структураларынын атайы операциясы аягына чыккандан кийин, өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону саат 12:28де толук өчүрүшкөн. Өрт кырсыгынын кесепетинен 303 чарчы метр жеке турак жай толугу менен күйгөн.

Связанный пост