Депутаттар Министрлер кабинетинин жазгы талаа иштерине даярдыгы тууралуу маалыматты угушту

 Депутаттар Министрлер кабинетинин жазгы талаа иштерине даярдыгы тууралуу маалыматты угушту

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасында 2024-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Министрлер кабинетинин маалыматын угушту.

 

Бул багытта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев маалымат берди.

 

Талкуу маалында депутат Миргүл Темирбаева айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыяларды берүү маселесин көтөрүп, мамлекет тарабынан берилген бул колдоо мал чарбачылыкты, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү үчүн маанилүү каржылык инструмент экенин белгиледи.

 

Ал эми эл өкүлү Надира Нарматова Алай районунун Ленин айыл өкмөтүндөгү узундугу 15 чакырымды түзгөн суу каналдын курулушуна кызыгып, Ош облусунун Ноокат районундагы иштебей жаткан скважиналардын абалына да токтолду.

 

Депутат Жалолидин Нурбаев өткөн жылы Араван районунда жалпысынан 52 күн сугат суу жетишсиз болгонун айтып, суу сактагычтын курулушу Араван жана Ноокат райондорунда 6 миң гектар жаңы жерлерди өздөштүрүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

 

Эл өкүлү Арсланбек Малиев Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун суу чарбаларын өнүктүрүү зарылдыгына көңүл буруп, Министрлер кабинетине биргелешип көчмө жыйын өткөрүп, аталган аймактагы көйгөйлөр менен жеринде таанышууну сунуштады.

 

Депутат Элмурза Сатыбалдиев калктын суроо-талаптарын талдоонун негизинде айыл чарба өндүрүшүн пландаштыруу жана болжолдоо зарылдыгын белгилесе, депутат Медербек Алиев жоопту мамлекеттик органдарды малдын асыл тукумдуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду колдоого чакырды.

 

Эл өкүлү Мирлан Самыйкожо агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программалардын жана пландардын аткарылышынын жүрүшүнө кызыкты.

 

Депутат Аида Исатбек кызы өлкөдөгү бензин жана дизелдин кымбаттыгы тууралуу сөз кылып, Кыргызстан эмне үчүн күйүүчү-майлоочу майларды дүйнөлүк баа менен алуу боюнча Россия, Казакстан менен мамлекеттик деңгээлде тиешелүү келишимдерди түзө албайт деген суроону узатты. Буга Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майларды Россиядан эң арзан баада сатып аларын, бирок анын баасы транспорттук чыгымдарга, акциздерге жана салыктарга байланыштуу кымбаттап жатканын маалымдады.

 

Өз кезегинде депутат Бактыбек Сыдыков мамлекет тарабынан дыйкандарды өндүрүш процессинде колдоо үчүн жигердүү аракеттер көрүлүп жатканын айтып, ошону менен бирге өндүрүш циклинин акыркы, эң маанилүү этабын – айыл чарба продукциясын сатууну ишке ашырууда мамлекеттик жардамды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

 

Депутат Дастанбек Джумабеков да өз продукциясын экспортко жөнөткөн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө каржылык колдоону күчөтүүнү сунуштады. Депутат Айбек Алтынбеков жаңгактын баасын жөнгө салуу маселесин көтөрсө, эл өкүлү Шарапаткан Мажитова жибек өндүрүшүн жандандыруу сунушун киргизди.

 

Талкуунун жыйынтыгында депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды.

Связанный пост