Депутаттар экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча маалыматты укту

Бүгүн, 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери, Кыргыз Республикасында мектепке чейинки жана жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү абалы жөнүндө маселелер каралды.

 

Талкуу учурунда депутат Марат Мураталиев республиканын экономикасын жана калкын электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселесин ортого салды. Муну менен катар эл өкүлү муниципалдык бала бакчалардын кызматкерлеринин айлык акыларын республикалык бюджеттен каржылоо керектигин белгиледи.

 

Ал эми депутат Жаныбек Кыдыкбаев Каракол шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык колледждин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгына токтолсо, эл өкүлү Арсланбек Эгембердиев Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүн таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорду өз убагында каржылоо керектигин белгиледи.

 

Депутат Эрнис Айдаралиев Алай районундагы электр жабдууларын, анын ичинде электр чубалгыларын модернизациялоо маселесине көңүл бурду. Эл өкүлү Айгүл Айдарова Бишкектеги коомдук маанилүү жерлерге унаа токтотуучу жайларды уюштурууну сунуштады.

 

Депутат Нурбек Алимбеков Кара-Суу районунун Медресе айылына мектеп куруу маселеси курч экенин айтып, коңшу айылдагы мектепте балдар 4 сменада окуп жатканын жүйө келтирди. Эл өкүлү Бактыяр Калпаев көмүргө болгон баалардын өткөн жылдарга салыштырмалуу өсүп жаткандыгын эске алып, бааны туруктуу кармоо үчүн зарыл чараларды көрүүнү өтүндү.

Башкы

Жаңылыктар

Депутаттар Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо, билим берүү боюнча бир катар сунуштарын беришти

09-10-2024 16:49

Басып чыгаруу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бүгүн, 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери, Кыргыз Республикасында мектепке чейинки жана жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү абалы жөнүндө маселелер каралды.

 

Талкуу учурунда депутат Марат Мураталиев республиканын экономикасын жана калкын электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселесин ортого салды. Муну менен катар эл өкүлү муниципалдык бала бакчалардын кызматкерлеринин айлык акыларын республикалык бюджеттен каржылоо керектигин белгиледи.

 

Ал эми депутат Жаныбек Кыдыкбаев Каракол шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык колледждин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгына токтолсо, эл өкүлү Арсланбек Эгембердиев Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүн таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорду өз убагында каржылоо керектигин белгиледи.

 

Депутат Эрнис Айдаралиев Алай районундагы электр жабдууларын, анын ичинде электр чубалгыларын модернизациялоо маселесине көңүл бурду. Эл өкүлү Айгүл Айдарова Бишкектеги коомдук маанилүү жерлерге унаа токтотуучу жайларды уюштурууну сунуштады.

 

Депутат Нурбек Алимбеков Кара-Суу районунун Медресе айылына мектеп куруу маселеси курч экенин айтып, коңшу айылдагы мектепте балдар 4 сменада окуп жатканын жүйө келтирди. Эл өкүлү Бактыяр Калпаев көмүргө болгон баалардын өткөн жылдарга салыштырмалуу өсүп жаткандыгын эске алып, бааны туруктуу кармоо үчүн зарыл чараларды көрүүнү өтүндү.

 

Муну менен катар депутат Бекмурза Эргешов электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмүнө, электр энергиясын жеңилдетилген керектөөнүн чегине байланышкан суроолорду узатты. Эл өкүлү Нилуфар Алимжанова студенттердин учурдагы абалына көңүл буруп, аларды колдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, анын ичинде жатаканаларды куруу керектигин кошумчалады.

 

Депутаттар Айбек Алтынбеков, Талайбек Масабиров Министрлер кабинетинин оптималдаштыруу жөнүндө токтомунун алкагында Базар-Коргон районундагы бир катар мектептердин жабылышына ата-энелер тынчсызданып жатканын айтып, бул маселени кайра карап чыгууну табышташты.

 

Андан тышкары, эл өкүлү Улугбек Ормонов көмүр кендерин иштетүү боюнча тендерлердин ачык-айкындуулугун жогорулатууга чакырса, депутат Миргүл Темирбаева заманбап талаптарга ылайык, Раззаков шаарынын муниципалдык мал базарында тиешелүү шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

 

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери, Кыргыз Республикасында мектепке чейинки жана жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү абалы жөнүндө берилген маалымат эске алынып, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтом долбоорлору кабыл алынды.

Связанный пост