Депутаттар өз ыйгарым укуктарын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин биринчи жыйналышына чейин аткара берет

КР Жогорку Кеңешинин VII чакырылышы үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алган.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Регламентинин 140-беренесинде көрсөтүлгөндөй, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин да өзүнүн ыйгарым укуктарын Жогорку Кеӊештин биринчи жыйналышына чейин аткара берет.
Дагы бир белгилей кетчү жагдай, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, шайлоо учурунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулбайт.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинде кандай учурда Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтой тургандыгы так көрсөтүлгөн.