Депутат Жаныбек Абиров мандатын тапшырды

 Депутат Жаныбек Абиров мандатын тапшырды

Депутат Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жарыялады.

Депутат анын катышуусдагы акыркы болуп өткөн окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратканын белгиледи.

“Окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жаткандыгымды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди дагы бир жолу баса белгилейм. Ушуга байланыштуу, мен, окуяны талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоом менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын тапшыруу чечимин кабыл алдым. Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок, анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле. Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм. Жалпыңыздардын алдыңыздарда, Аргенден жана анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан, ошондой эле мага ишеним көрсөткөн шайлоочуларымдан жана командамдан чын жүрөктөн кечирим сураймын”, – деп билдирди.

Эскерте кетсек, 12-мартта милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 03:30дар чамасында Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде белгисиз адамдар анын денесине залал келтиргенин билдирген. Жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылып, ага “мээнин жабык жаракаты” деп диагноз коюлган. Болуп өткөн окуянын видеосу интернетке таркаган. Бир катар ЖМКлар мушташкандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго окшош экенин жазган. Бишкекте катталган мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат президент Садыр Жапаровго берилген. Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары эки адам кармалды.

Связанный пост