Баткен облусунда жер силкинди

 Баткен облусунда жер силкинди

Бүгүн саат 12:16да Баткен облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кара-Шоро айылынан түштүк-чыгышка карай 12 чакырым, ал эми Кызыл-Кыя шаарынан түштүк-батышка карай 53 чакырым аралыкта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен.

Жердин силкинүүсү Кара-Шоро айылында 2,5 балл, Гайрат жана Кескен-Таш айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн кесепетинен кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Связанный пост