Депутат Нурланбек Тургунбек уулу КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланды

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары бүгүн, 17-декабрдагы жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо маселесин карашты.

Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык алгачкы жыйын парламенттеги жашы эң улуу депутат Гүлай Машрапованын төрагалыгы астында өттү. Анда «Ата-Журт», «Ала-Тоо», «Элдик», «Мекенчил» жана «Адилет Кыргызстан» депутаттык топтору Жогорку Кеңештин Төрагасы кызмат ордуна №15 округдан шайланган депутат Нурланбек Тургунбек уулунун талапкерлигин көрсөтүштү.

Аталган маселени кароо үчүн Жогорку Кеңештин жыйыны Бүткүл Жогорку Кеңештин комитети режимине өтүп, анын төрагасы катары депутат Улан Примов дайындалды.

Бүткүл Жогорку Кеңештин комитети Нурланбек Тургунбек уулунун талапкерлигин жактырып, андан соң добуш берүү үчүн эл өкүлдөрү кайрадан Жогорку Кеңештин жыйыны режимине кайтышты.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Нурланбек Тургунбек уулу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин 87 депутаттын 84ү колдоду.

Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Связанный пост