Депутат медициналык анализдерге болгон бааны жөнгө салууга чакырды
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Кылычбаев Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандагы жеке лабораторияларда жана диагностикалык борборлордо бааларды жөнгө салуу зарылдыгы тууралуу маселени көтөрдү.
Анын айтымында, медициналык кызматтардын баасы калк үчүн өтө жогору бойдон калууда. Анализдердин баасы 3 миңден 15 миң сомго чейин болсо, магниттик-резонанстык томография (МРТ) 4 миңден 12 миң сомго чейин жетет. Ал өзү эки органдын МРТсы үчүн 9 миң сом, ал эми кошумча кеңейтилген изилдөө үчүн 11 миң 300 сом төлөгөнүн белгиледи.
Ошондой эле депутат мамлекеттик медициналык мекемелердеги, анын ичинде онкологиялык борборлордогу кезек күтүү көйгөйүнө токтолду. Ал жерде бейтаптар текшерүүдөн өтүү жана консультация алуу үчүн узак убакыт күтүүгө мажбур болушууда.
Ал буга чейин Кореядан алынган насыяга Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында лаборатория куруу долбоору талкууланганын эске салды. Ошол учурда лабораториянын ишке кириши анализдердин баасын 50 пайызга чейин төмөндөтөрү айтылган.