Денис Петрашов Дүйнөлүк универсиадада алтын медаль утту

 Денис Петрашов Дүйнөлүк универсиадада алтын медаль утту

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Германияда өтүп жаткан Дүйнөлүк универсиадада алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча мелдешке катышып, мыкты жыйынтык көрсөттү.

Алгачкы, тандап алуу этабында Петрашов 1 мүнөт 0,63 секунда убакыт менен финишке келип, үчүнчү орунду ээлеп, жарым финалга жолдомо алган. Жарым финалда ал жакшы көрсөткүч менен 1 мүнөт 0,27 секунданы көрсөтүп, бешинчи орун менен финалга чыкты.

Финалдык сүзүүдө кыргызстандык спортчу 59,32 секундалык жыйынтык көрсөтүп, атаандаштарын артта калтырып, биринчи орунду ээледи. Бул жеңиш менен ал Кыргызстанга алтын медаль алып келди.

Связанный пост