Дем алыш күндөрү Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолунда көзөмөл күчөтүлөт

 Дем алыш күндөрү Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолунда көзөмөл күчөтүлөт

Дем алыш күндөрү  Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолуна  көзөмөл күчөтүлөт. Жол кырсыгынын 90 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болууда.

Акыркы күндөрү  Ысык-Көл  облусунан Бишкек шаарына келе жаткан айдоочулардын катышуусунда жол унаа кырсыктары көп катталууда.
Алардын бир ден бир себеби айдоочулар  жол эрежелерин толук сактабай, каттуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкелерге чыгып, ашып өтүү маневр жасоо эрежелерин толук сактабай, жол унаа кырсыктарынын 90 пайызына айдоочулар өздөрү себеп болууда.

Ошондуктан, эртеңки дем алыш күндөрү да,  ЖКККББнын кызматкерлери Бишкек-Чолпон-Ата багыты боюнча каттап жаткан айдоочулардын коопсуздугун күчөтүп, кошумча постторду кою менен жол унаа кырсыктарынын алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

Кечкисин жол тыгындарынын алдын алып, көчөлөрдүн кесилиштеринде жол кыймылын жөнгө салышат.

Айрыкча ылдамдыкты ашырып айдагандарга, каршы тилкеге чыккандарга жана мас абалында транспорт каражаттарын айдаган айдоочуларга каттуу чаралар көрүлөт.

Связанный пост