Дарбыз менен коондор нитраттарга текшерүүдөн өтүүдө

 Дарбыз менен коондор нитраттарга текшерүүдөн өтүүдө

Баткенде фитосанитардык өткөрмө посттордо дарбыз жана коонду текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар башталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул иштер фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо жана калктын ден соолугун сапатсыз продукциялардан коргоо максатында жүргүзүлүүдө.

Текшерүү учурунда адистер нитратомер шаймандарынын жардамы менен бахча өсүмдүктөрүнүн курамындагы нитраттардын өлчөмүн ченеп жатышат. Бүгүнкү күнгө карата нитраты нормадан ашкан учурлар катталган жок.

“Бул иш-чаралар базарларга зыяндуу продукциялардын киришине бөгөт коюу жана калк арасында ууланууну алдын алуу максатында сезондун аягына чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост