Данияр Амангелдиев КМШнын Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жетектеген Кыргызстандын делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин 106-жыйынына катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө КМШнын алкагындагы экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, соода-экономикалык байланыштарды мындан ары тереңдетүү боюнча чаралар талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Шериктештиктин алкагында кызматташууну мындан ары дагы чыңдоого багытталган бир катар чечимдерге кол коюлду.

Связанный пост