Данияр Амангелдиев Казакстандын Улуттук экономика министри Серик Жумангарин менен жолукту

Астанадагы Эл аралык форумдун алкагында КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Казакстандын премьер-министринин орун басары – Улуттук экономика министри Серик Жумангариндин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгын  мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди, инвестициялык долбоорлорду жана эки тараптуу иш-чараларды даярдоо маселелерин талкуулашты.

Данияр Амангелдиев стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин деминде өнүгүп келе жаткан Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи.

Өз кезегинде Серик Жумангарин өлкөлөр ортосунда өкмөттөр аралык кызматташуу жемиштүү өнүгүп жатканын жана кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны быйыл Казакстанда өтөөрүн белгиледи.

Тараптар ошондой эле, соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты, анын ичинде 2030-жылга чейин эки тараптуу сооданы 3 миллиард долларга жеткирүү максатына жетүү үчүн биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну активдештирүүгө өз ара даярдыгын ырасташты.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташуунун экономикалык потенциалын мындан ары жогорулатуу жана эки тараптуу кызматташуунун күн тартибинде каралган бардык долбоорлорду жана пландарды өз убагында ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Связанный пост