Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүү боюнча тескемеге кол койду.
Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дайындалды.
Уюштуруу комитетине төмөнкүлөр тапшырылды:
– VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча ведомстволор аралык иш-планды иштеп чыгуу жана бекитүү;
– спорттук бөлүк боюнча оюндар жөнүндө эрежелерди жана Жобону бекитүү;
– пландаштырылган иш-чаралардын негизинде чыгымдардын сметасын түзүү.
Маалымат
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүү үчүн багытталган Кыргыз Республикасынын масштабдуу эл аралык долбоору. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандаөткөн.
2022 жана 2024-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда жана Казакстанда уюштурулган.