Дүйнөлүк банк 1992-жылдардан тарта Кыргызстанга берилген финансылык жардамдын көлөмү $2,7 млрд түздү

 Дүйнөлүк банк 1992-жылдардан тарта Кыргызстанга берилген финансылык жардамдын көлөмү $2,7 млрд түздү

Дүйнөлүк банк 1992 жылдардан тарта Кыргыз Республикасына берилген финансылык жардамдын көлөмү 2,7 млрд АКШ долларын түздү, анын ичинен 581,0 млн АКШ доллары айыл чарбасын, ирригацияны жана суу менен камсыздоону өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде КРнын Финансы министринин орун басары Р.Татиков Агрофорум-2024 учурунда билдирди.

Ошондой эле 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө айыл чарба тармагын каржылоонун жалпы көлөмү 790 млн долларды түзсө, анын жарымы гранттык каражаттар экенин белгилей кетүү зарыл.

Мындан тышкары таза суу менен камсыздоого 483 млн доллар бөлүнгөн, анын 60% насыя.

Ошону менен бирге Финансы министринин орун басары Дүйнөлүк банк айыл чарба, суу менен камсыздоо жана ирригация тармагына дагы 200 млн доллар бөлүүгө даяр экенин кошумчалады.

«КР Финансы министрлигинин эки долбоору Нарын жана Талас аймактарында айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган, ага 9,6 млн доллар бөлүнгөн. Ошол эле учурда 3400дөн ашуун фермерлер 5 млн доллар өлчөмүндө колдоо алышкан. Сүт тармагын өнүктүрүүгө келечекте инвестиция 21,2 млн долларды түзөт, анын 8%ы дыйкандарга жана багбандарга бөлүнөт», – деп белгиледи Р.Татиков.

Связанный пост