Чым-Коргондогу психиатриялык оорукана капиталдык оңдоодон өткөрүлөт
Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканада капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин аталган мекемеге болгон иш сапарынын алкагында белгилүү болду.
Министрликтен билдиришкендей, сапардын алкагында эксперттик ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатууга жана жаңы мамлекеттик программаны даярдоого басым жасалды. Ошондой эле Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык оорукананын капиталдык оңдоп-түзөөсүн баштоо маселелери талкууланды.
Жетекчиликтин маалыматына ылайык, стационарда учурда 319 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 53ү соттун чечими менен мажбурлап дарыланууда.
Министр бөлүмдөрдү кыдырып чыгып, материалдык-техникалык абалы менен таанышып, кызматкерлер жана бейтаптар менен сүйлөштү.
Сапардын жыйынтыгында министр ооруканада капиталдык оңдоп-түзөө иштерин баштоо үчүн кыска мөөнөттө техникалык жана финансылык эсептөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.