Чолпон-Атада кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын жумушчу топторунун жыйыны өттү

2023-жылдын 13-августунан 19-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек Биргелешкен демаркация комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү.

 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды, ошондой эле демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү.

 

Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

 

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Связанный пост