Бакыт Төрөбаев Чүй облусундагы сугат суу каналдарынын абалы менен таанышты

 Бакыт Төрөбаев Чүй облусундагы сугат суу каналдарынын абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен бирге Чүй облусунун Аламүдүн районундагы сугат суу каналдарынын абалы менен жеринде таанышты.

 

Белгилей кетсек, бул көчмө жыйын өлкө Президенти Чүй облусунан баштап республиканын баардык аймактарында сугат суу маселеси жаралбашы керек деген тапшырмасына ылайык уюштурулду.

 

Буга байланыштуу, МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кийинки жылы агын суу маселеси болбошу үчүн, үстүбүздөгү жылдын күз мезгилинен тартып иштер кызуу башталаарын билдирди.

 

Ага ылайык Чүй облусунун аймагына жаңы суу кампалар курулат жана суткалык жөнгө салуу бассейндерин (БСР) жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин (БДР) калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

 

Бул багытта Министрлер Кабинети жакын арада ири каражат бөлөөрүн Бакыт Төрөбаев кошумчалады. Анын негизинде Чүй облусунун аймагындагы бир катар дарыялардын агымына чакан суу сактагычтар курулат.

 

Адистердин белгилөөсүндө Чүй облусунун сугат жеринин 30%на агын сууну жеткирүүдө маселе жаралууда.

Связанный пост