Акылбек Жапаров угуу мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын жашоосуна байланышкан эл аралык форумга катышты

 Акылбек Жапаров угуу мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын жашоосуна байланышкан эл аралык форумга катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Ааламдашуу мезгилиндеги угуу мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын жеткиликтүү жашоосу” эл аралык форумуна катышты.

 

Өлкө Президентинин “адамдар – Кыргызстандын башкы байлыгы” деген сөзүн белгилеген МинКаб Төрагасы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарга карата иштер тиешелүү ченемдик укуктук актылардын негизинде ишке ашырылаарын билдирди.

 

“Кыргыз Республикасынын калктын аялуу топторуна карата мамлекеттик саясаты адам укуктары чөйрөсүндөгү ратификацияланган эл аралык макулдашууларга, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат”, – деди Акылбек Жапаров.

 

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, республика боюнча 205 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаран жашайт, анын ичинен 36 миң балдар.

 

Ошондой эле 2022-жылдын 1-июнунан тартып ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү этап этабы менен көбөйтүлүп келет.

Связанный пост