Чолпон-Ата шаарында сел жүрдү
Чолпон-Ата шаарында сел жүрдү.
Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарында кечээ кечки саат 21:20 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары сел өтүүчү Тогуз-Булак каналынан ашып, жакын жайгашкан 1 турак бир үйдүн, 1 дүкөндүн короосуна кирген.
Жеринде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баштаган куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.