Чоң-Кемин суусуна 30 млн долларлык чакан ГЭС куруу пландалууда

 Чоң-Кемин суусуна 30 млн долларлык чакан ГЭС куруу пландалууда

Чоң-Кемин суусуна 30 млн долларлык чакан ГЭС куруу пландалууда. Маселе күн мурун энергетика министри Таалайбек Ибраев Токио шаарында Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты – “Япония-Кыргызстан” достук тобунун жетекчисинин орун басары Тошиаки Эндо менен жолугушуусунда талкууланды.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгынын келечегин талкуулашты.

Япониялык Muroosystem Corporation компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан Чоң-Кемин суусуна жалпы кубаттуулугу 22 МВт болгон чакан гидроэлектростанцияны куруу долбоору өзүнчө каралды.

Министр белгилегендей, бул долбоор Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кайра жаралуучу энергетика тармагындагы кызматташтыктын негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Долбоорду илгерилетүү боюнча иш япон тарап менен биргеликте “Чакан ГЭС” ААК тарабынан активдүү координацияланууда. 2024-2025-жылдары комплекстүү инженердик жана гидрологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккан. Ошондой эле жер участокторун трансформациялоо процесстери демилгеленген. Учурда курулуш үчүн жерлерди тариздөөгө байланыштуу уюштуруу-укуктук маселелер иштелип жатат.

Энергетика министри президент Садыр Жапаровдун Японияга боло турган иш сапарынын алкагында аталган ГЭСти куруу жөнүндө келишимдик макулдашууга кол коюу пландалып жатканын баса белгиледи. Долбоор алдын ала 4,4 млрд япон иенине (болжол менен 30 млн доллар) бааланууда.

Тошиаки Эндо долбоорду илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн кошумча механизми катары Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы парламенттик байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда энергетика министри Ибраев энергетикалык демилгелерди колдогону үчүн япон тарапка ыраазычылык айтып, Кыргызстан Японияны кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү жана заманбап технологияларды киргизүү ишинде стратегиялык өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын баса белгиледи.

Связанный пост