Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн салынып жаткан жеке турак үйлөрдүн курулушу аяктап калды
Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ош облусунун Чон-Алай районунун Бурган-Суу айылында Афганистандын Кичи жана Чон Памиринен келген этностук кыргыздар үчүн салынып жаткан жеке турак үйлөрдүн курулушу аяктап калды. Турак үйлөрдүн курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.
Курулуш жумуштары “Олимп и Ко” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
2023-жылы 3 үйдүн курулушу бүткөрүлгөн, ал эми 2024-жылы курулушу уланган 7 үйдүн даярдыгы 70 пайызды түзөт. Учурда ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.
Үстүбүздөгү жылы турак үйлөрдү толук бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.