Чет мамлекеттердин өкмөт башчылары Адылбек Касымалиевди жана кыргыз элин жаңы жылы менен куттукташууда

 Чет мамлекеттердин өкмөт башчылары Адылбек Касымалиевди жана кыргыз элин жаңы жылы менен куттукташууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин дарегине чет мамлекеттердин Өкмөт башчыларынан кирип келген Жаңы жыл майрамы менен куттуктоо телеграммалары келип түштү.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди жаңы жылдык майрамы менен куттуктады.

“Достук жана өнөктөш орус-кыргыз мамилелери кеңири чөйрөдө жигердүү өнүгүп жатат. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтык чыңдалууда. Энергетика, өнөр жай, санариптик экономика, айыл чарба жана башка тармактарда ири долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Келерки жылы Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында эки тараптуу байланыштардын бардык спектрин өнүктүрүүгө даяр экенимди ырастайм. Сизге, урматтуу Адылбек Алешович, чың ден соолук жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм, – деп белгиленет куттуктоодо.

****

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко Министрлер Кабинетинин Төрагасына куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

“Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Өткөн жылы Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасы көптөгөн багыттар боюнча жемиштүү кызматташтыкты арттырууну уланткандыгын белгилей кетүү жагымдуу. 2025-жыл биздин мындан аркы кызматташуубузду чыңдоого мүмкүндүк болот деп ишенем, чын ыкластуу белорус-кыргыз достугунун терең салттары

жана өз ара түшүнүшүү, ошондой эле биздин өлкөлөрүбүздүн жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын кеңейтүүдө жаңы маанилүү ийгиликтер болсун. Сиздерге чын дилимден бекем ден соолук, бакыт-таалай, гүлдөп-өнүгүүнү жана бардык пландар менен милдеттенмелердин натыйжалуу аткарылышын каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

****

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

“Сиздерди келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм жана Сизге жана Сиздин үй-бүлө мүчөлөрүңүзгө, ошондой эле жакындарыңызга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жаңы жетишкендиктерди, ал эми дос Кыргызстандын элине тынчтык жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, — деп билдирүүдө белгиленген.

****

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Министрлер Кабинетинин Төрагасын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

“Сиздерди келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Узап бара жаткан жыл Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун жана конструктивдүү өнөктөштүктүн жылы болуп, жаңы бийиктиктерге жетти. Мен биздин бир тууган элдерибиздин ортосундагы кызматташтыктын тереңдеп баратканын жана жалпы кызыкчылыктарыбыздын алдыга жылышын зор канааттануу менен белгилегим келет. Келе жаткан жылы эки дос өлкөнүн бакубаттуулугун камсыз кылган буга чейин аткарылган иштердин баары уланат деп ишенем. Сизге чың ден соолук, мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана бакубат жашоо, жыргалчылык жана бакыт каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

****

Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода Министрлер Кабинетинин Төрагасын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

“Кирип келген жаңы 2025-жылга байланыштуу менин куттуктоолорумду жана жакшы тилектеримди кабыл алыңыз!

Өткөн жыл биздин эки тараптын Тажикстан менен Кыргызстан биргелешкен кызматташтыгынын бардык багыттары боюнча конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө болгон каалообузду бекемдеди. 2025-жылда Кыргыз Республикасы үчүн жаңы жетишкендиктердин жылы болуп, мамилелерибиз дагы кеңейип, бекемделет деп ишенем. Сиздерге чын дилимден бекем ден соолук, бакыт-таалай жана дос Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик ишмердигиңизде жаңы ийгиликтерди каалайм”, — деп белгиленет куттуктоодо.

****

Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

“Сиздерди Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм жана 2025-жыл Сиздерге ийгилик, ден соолук жана бакыт алып келишин каалайм”, — деп айтылат куттуктоодо.

Связанный пост