Чаткалдагы алтын фабриканы кайра иштетүүгө даярдык көрүлүүдө

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан “Жамгыр” алтын кенин иштеткен “Вертекс Голд Компани” тоо-кен фабрикасына барды.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, аталган фабрика 2022-жылы ишин баштаган, кубаттуулугу жылына 300 миң тонна алтын өндүрүүгө ылайыкташкан. Мында миңден ашуун жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болгон.

Бирок, 2024-жылдын март айынан тарта фабрика убактылуу ишин токтотуп турган, учурда кайра иштетүүгө даяр. Анын негизги себеби, казылып алынган руданын курамынын өзгөрүшүнө байланыштуу өндүрүштүк процессти улантуу мүмкүн болбой калгандыгы. Учурда жаңы руданын лабораториялык изилдөөлөрү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгына ылайык керектелүүчү жаңы техникаларды орнотууга даярдыктар көрүлүүдө.

Тилек Текебаев заводдун учурдагы абалы менен жеринен таанышып, тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле ал фабриканын ишин кайра жандандыруу үчүн облустук бийлик тарабынан зарыл болгон колдоолор көрсөтүлөрүн белгиледи.

Связанный пост