Чаткалда дайынсыз жоголгон 6 адам изделүүдө

 Чаткалда дайынсыз жоголгон 6 адам изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда дайынсыз болуп жаткан 6 адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-октябрда тоого эндиктин тамырын казып алууга кеткен 14 адам үйлөрүнө кайтып келген эмес.

16-октябрда жергиликтүү тургундардын кайрылуусу боюнча Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан издөө-куткаруу иштери башталып, 8 адам аман-эсен табылган. Табылган жарандар тоодо кар көчкү жүргөнүн айтып, дайынсыз болуп жаткан 6 адамды кар көчкү басып калышы мүмкүн экендигин билдиришкен.

Учурда жеринде 5 куткаруучу, 10 жергиликтүү тургун жана 2 оор инженердик техника издөө иштерин жүргүзүүдө.

Связанный пост