Чүйдө күнүнө 900 миң жумуртка өндүрүүгө жөндөмдүү ири канаттуулар фабрикасы ачылды

Ысык-Ата районунда “Три Т” асыл тукум канаттуулар заводуна караштуу ишканалардын бири болгон “Ак Канат” канаттуулар фабрикасынын экинчи фазасы ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министр Бакыт Төрөбаев ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоордун маанилүүлүгү – Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга, жумурткага болгон импортту азайтууга багытталганын белгиледи.

“Ак Канат” канаттуулар фабрикасы 2022-жылдын февраль айында башталып, биринчи фазасында ар бири 160 миң баш жумуртка басуучу тоокторго ылайыкталган 4 канаттуулар сарайы курулган. Бул экинчи фазасы 150 миң баш жумуртка басуучу тооктор үчүн 3 канаттуулар сарайын камтыйт. Алардын күнүмдүк өндүрүшү 140 миң даана азык-түлүк жумурткасын түзөт. Фабрика толук кубаттуулукта иштеп баштагандан кийин күнүнө 280 миң даана азык-түлүк жумурткасын өндүрөт. Бул ишкананын жалпы кызматкерлеринин саны 50, анын ичинде 10 жаңы жумуш орундарын түзөт.

“Ак Канат” фабрикасынын экинчи фазасы – бул жалпы баасы 13,2 млн долларды Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен биргелешип ишке ашырылган ири инвестициялык долбоордун маанилүү бөлүгү. Ошондой эле “Айыл Банк” ААК менен жабдууларды лизинг программасынын алкагында экинчи фазага 750 миң доллардан ашык каражат инвестицияланган.

Фабрикада канаттуулардын кыгын дезодорациялоо үчүн тез бактериалдык ферментация технологиясы колдонулат.

Мындан мурун, 2023-жылдын 22-августунда “Кировец” фабрикасынын биринчи фазасын курууга капсула салынган. Бул фабрика толук кубаттуулукка жеткенде күнүнө 450 миң даана азык-түлүк жумурткасын өндүрөт.

Бардык өндүрүш аянттары толук кубаттуулукта иштей баштаганда “Три Т” асыл тукум канаттуулар заводу күнүнө 900 миң даана жумуртка өндүрө алат.

Связанный пост