Чүй жана Таласта кескин күн сууктап, үшүк жүрүшү ыктымал

 Чүй жана Таласта кескин күн сууктап, үшүк жүрүшү ыктымал

Кыргызстандын эки облусунда 31-мартта жана 1-апрелде кескин күн сууктап, түнкүсүн жана күндүз үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

 

Талас облусунун дыйканчылык аймактарында абанын табы -1…-3 градус, Чүйдө 1-апрелде 0…-2 градуска чейин суук болушу ыктымал.

 

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч туудурат.

Связанный пост