Чүй проспектисинин айрым бөлүгү убактылуу жабылат

 Чүй проспектисинин айрым бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-август саат 20:00дөн 29-август саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

“Жол VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүүгө байланыштуу жабылууда”, – деп айтылат маалыматта.

Айдоочуларга бул чектөөнү эске алып, алдын ала альтернативдүү каттамдарды пландап алуу сунушталат.

Связанный пост