Чүй облусунун тургундары ишембилик учурунда 350 тоннадан ашык таштанды чогултушту
Чүй облусунун тургундары ишембилик учурунда 350 тоннадан ашык таштанды чогултушту.
Өкмөт тарабынан демилгеленген үч айлык көрктөндүрүү программасынын алкагында бүгүн, 13-апрелде Чүй облусунун тургундары облусту иретке келтирүү үчүн өз жашаган аймактарында ишембиликке чыгышты.
Тургундар активдүү болуп, 9496 адам ишембиликке катышты. 360,75 гектар аянт иретке келтирилип, андан 358,6 тонна таштанды чыгарышты.
Ошондой эле 17383 көчөт, анын ичинде 1413 ийне жалбырактуу жана 15970 жазы жалбырактуу өсүмдүктөр отургузулган.
Мындан тышкары, 222,68 чакырым сугат каналдары тазаланды.
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты райондук мамлекеттик администрациялардын, муниципалитеттердин, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлерине, ошондой эле облустун айылдарынын жана шаарларынын тургундарына ишембиликке активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиевдин айтымында, өлкө жетекчилиги биздин калктуу конуштардын тазалыгына жана көрктөндүрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруп, жергиликтүү калктын таза экология үчүн кылган аракеттерин жогору баалайт. Ушул сыяктуу ишембиликтер мындан ары дагы уланат.