Чүй облусунда 2 гектар аянтка жаңгак, терек жана унаби көчөттөрү отургузулду 

Жаратылыш ресурстары, министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, Улуттук Илимдер Академиясынын жана Эл аралык уюмдардын катышуусу менен Чүй облусунун Талды-Булак жана Сары-Булак айылдарындагы 2 га аянтка көчөттөрдү (грек жаңгагы, унаби, Терек) отургузушту.

Бак отургузуу “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын жана «Улуттук тазалык күнүнүн» алкагында ишке ашты. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №89 буйругун аткаруу максатында жүргүзүлдү.

Связанный пост