Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишке ашырып жаткан 17 млн 763 миң 85 АКШ доллары өлчөмүн түзгөн Бишкек-Кара-Балта автожолунун (15,9-61-чакырымдары) курулуш-реабилитациялоо иштеринин көлөмү жана жол катмарынын үлгүлөрү текшерилип, жыйынтыгында 450 көчө жарыктандыруу үчүн лампалары бар металл мамылардын, 36 парапеттин, 2 аялдаманын, орнотулган темир торлордун, А тибиндеги асфальт-бетондун жана башка […]Читать далее
2023-жылдын 5-июнь күнү саат 01:40 чамасында Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен Балыкчы шаарынын тургуну 1994-жылы туулган Сабыров Кушубек Талантбекович изделүүдө. Бул тууралуу КРнын ИИМнин басма сөз кызматы маалымдады. Аталган жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адамды уурдоо), 207-беренеси (Каракчылык), 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына […]Читать далее
2023-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн республиканын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган жашыруун террористтик топторду аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, сотко чейинки текшерүүлөрдүн алкагында КР УКМКнын инженердик-сапердук тобунун жардамы менен Ош облусунун Өзгөн шаарынын четинде ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды сактоочу жай табылды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 8 даана граната, 6 даана […]Читать далее
КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузууга, ошондой эле №26-Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин добуштарды сатып алуу фактыларына бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүмү (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө бир катар тергөө […]Читать далее
2023-жылдын 27-майында КР УКМК тарабынан Сузак районунун аймагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 1984-жылы туулган И.Ш.А жана 1977-жылы туулган Ж.А.Э. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды. Кармалган жарандар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышканы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын подполковнигин Сузак районундагы Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкандыгы аныкталды. […]Читать далее
«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажылык тариздөөгө мониторинг жана талдоо жүргүзүү учурунда бажылык укук бузуу фактысы аныкталды. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө «AH26Б» учагы Беларусь Республикасынын ЕАЭБ бажы аймагынан 2020-жылы Бириккен Араб Эмираттарына экспорттолгону аныкталган. Андан ары 2022-жылдын сентябрь айында учак Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына келген. Борт «B.S.» авиакомпаниясына […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан 2023-жылдын 26-майында КР УКМК чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы менен чектешкен мамлекеттик чек арасы аркылуу салык төлөмдөрүн төлөбөй жашыруун өтүү менен аткезчилик буюмдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү, ошондой эле аларды мыйзамсыз алып чыгуу каналын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Ак-Жол-унаа жол” өткөрмө пунктунда Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун аймагында мал уурулук фактылары көп катталып, коңшу өлкөгө өткөрүү аракеттери көбөйүп кеткендигине байланыштуу КР УКМК чек ара кызматы менен биргеликте Аксы районунун чек ара кызматынын жана ички иштер органдарынын жооптуу кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө текшерүү иштерин жүргүздү. Жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын жыйынтыгында Аксы РИИБнин жана чек ара заставаларынын жетекчилеринин аткезчиликке катыштыгы бар экендиги тууралуу тактоочу маалыматтар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Т.Т.Т. тарабынан “Лабиринт” ЖЧКсынын башкы директору А.А.дан Нарын районунун Куйбышев айылындагы бала бакчанын тегерегине брусчатка төшөө боюнча келишим түзүү маселесин оң жагына чечүү үчүн 20 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган. […]Читать далее
Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен 1,524 га жер участогу көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн, “А” ЖЧКга курулган турак үйдүн 10%ын Бишкек шаарынын мэриясынын менчигине өткөрүп берүү шартында акысыз пайдаланууга берилгендиги аныкталган. Бирок, “А” ЖЧКсы “Э” жана “Р” курулуш компаниялары, ошондой эле “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын […]Читать далее