Адахан Мадумаровго “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси боюнча айып коюлду

 Адахан Мадумаровго “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси боюнча айып коюлду

ИИМ: Козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жогорку кызматтагы адамдардын мамлекетке чыккынчылык кылуу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө.

2023-жылдын 2-сентябрь күнү Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы М.А.К. кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (Мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлду. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып алынган. Тергөө иштери улантылууда.

Связанный пост