Жалал-Абад облусунун Сузак райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин бир катар кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) фактысынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак […]Читать далее
2023-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы аракеттенүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү “40920РА” мамлекеттик номурлуу унаа кармалган. Унааны текшерүү учурунда жүк салуучу бөлүгүнөн күрүч (Өзгөн) түрүндөгү жалпы салмагы 16 тонна контрабандалык жүк табылган. Жүктүн […]Читать далее
Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, “Ж-Э” ЖЧКсы […]Читать далее
ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, атайын жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын негизинде Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан кошумча бак орнотуу менен Казакстан өлкөсүнөн Кыргызстанга күйүүчү май ташып келип, жол жээктеринде мыйзамсыз сатып жаткан жалпы 36 айдоочу кармалды. Анын ичинен 29 жеңил автоунаалар, 7-жүргүнчү ташуучу автобустар болгон. Бул унаалардын баары убактылуу айып короо жайына […]Читать далее
КР УКМК органдары тарабынан ЭТУга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзбекстандын жараны аныкталып кармалып, КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал “И.М.” ЭТУнун эмиссарларынын жардамы менен КР жаранынын жасалма паспортун алып, САРдын согуштук зонасы чыгууга аракет кылган. Аталган Өзбекстан Республикасынын жараны ЭТУ/ДЭУга тиешеси бар экендиги үчүн Өзбекстан Республикасынын аймагында издөөдө жүргөнү […]Читать далее
Чүй областтык прокуратурасы тарабынан Аламүдүн районунун акиминин орун басары, жер мунапысы боюнча комиссиянын төрагасы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен шектүү катары кармалды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Алсак, райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссиясы тарабынан Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо […]Читать далее
КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас шаарынын мэриясынын ММБнын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жогорку билим жөнүндө жасалма дипломунун негизинде аталган кызматты ээлеп турганы аныкталды. Бул факты боюнча жогорку билими тууралуу жасалма документтерди жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп […]Читать далее
Архитектуралык уруксат иш кагаздары жок курулуш иштерин жүргүзүп жаткан курулуш компаниясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын маалымат жана коом менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Ош шаарынын Тилеке-Баатыр көчөсүндө “А-П” ЖЧКсы тарабынан көп кабаттуу турак үйдүн курулушу […]Читать далее
КР УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын бети ачылды. Анда, “Чакан ГЭС” ААКнын жооптуу адамдары тарабынан курулуш иштери боюнча тендерлерди өткөрүүдө аткарылган иштердин сапатына зыян келишине карабай алдын ала пара («откат») алышкан. Тергөө тарабынан “Чакан ГЭС” ААКнын жетекчиси жеке ишкерлерден системалуу түрдө түзүлгөн келишимдин суммасынан 10% өлчөмүндө акча каражатын пара («откат») түрүндө талап кылганы, эгерде […]Читать далее
КР УКМК тарабынан Бишкек шаарында жашыруун зергерчилик цехтеринин ишмердүүлүгү аныкталып, токтотулду. Айрым ишкерлер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, мыйзамдарды бузуу менен зергер буюмдарын маркалоонун милдеттүү жол-жобосунан өтпөгөндүгү жана тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу максатында колго жасалган зергер жабдууларды колдонуу менен мыйзамсыз иштерди жүргүзүшкөнү аныкталды. 2023-жылдын 28-мартында […]Читать далее