Ысык-Көл областынын Ак-Суу райондук прокуратурасы тарабынан, мурда мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин мамлекеттик жана муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, жалпы баасы 26 млн 10 миң сомду түзгөн Ак-Суу районунун Ак-Булун айылындагы “Балажан” бала бакчасынын 3 корпустуу имараты жана 4800 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Алсак, Ак-Суу райондун […]Читать далее
“Принцесса Дури” аталышындагы интернет-дүкөнүнүн баңги тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 26-мартта социалдык түйүндөрдө бир катар жарандарды белгисиз адамдар сабап жаткан видео жарыяланып, коомчулукта чоң резонанс жаралган. “Өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып, күрөөчүлөрдү ээн жерлерге алып барып, сабап, “Принцесса дури” аталышындагы интернет-дүкөнүнөн уурдалган баңгизат үчүн кечирим суроого мажбурлашкан. […]Читать далее
2023-жылдын 3-апрелинде КР УКМК Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жаранына карата сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 20 миң сом […]Читать далее
КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан салык төлөөдөн баш тартып, качуу жолунун схемаларын уюштурган жана көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн кем баалап ишине кыянаттык менен мамиле кылган экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн субъекттер аныкталды. Чогултулган материалдардын жыйынтыгы менен КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун суу коргоо зоналарындагы берилген жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерүүдө, жеке жактарга Чыгыш Чоң Чүй каналынын жээгиндеги жерлерди мыйзамсыз берүү фактыларын, ошондой эле шаар куруу, уруксат берүүчү жана белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныктады. КР Айыл чарба министрлигине караштуу Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары […]Читать далее
«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн району боюнча филиалынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Чүй областтык прокуратурасы тарабынан «Кадастр» МИнын Аламүдүн району боюнча филиалынын башчысы, жер мунапысы боюнча комиссиянын мүчөсү Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен шектүү катары кармалды. Алсак, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссиясы […]Читать далее
Транспорттук каражаттарын мыйзамсыз каттаган “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Ысык-Көл областтык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө “Унаа” Мамлекеттик мекемесинин Каракол бөлүмүнүн жооптуу кызматкелери бажы кызматынын уруксаты жок транспорттук каражаттарын мыйзамсыз кайра каттаган фактылары аныкталган. Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында үч кызматкерге карата кызмат абалынан […]Читать далее
Токмок шаарында 309 млн сомдук өнөр жайы багытындагы жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди. Чүй областынын Токмок шаардык прокуратурсаы тарабынан көзөмөл иретинде муниципалдык менчике жер тилкесин кайтаруу багытында Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгында текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 31,6 га өнөр жайы багытындагы жер […]Читать далее
КР УКМКнын берген маалыматы боюнча, 2023-жылдын 31-мартында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Тажикстандын аймагына жашылча-жемиштерди мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлду. Баткен областынын «Жаңы-Бак-Маргун-Арка» айланма унаа жолунда, жалпы салмагы болжол менен 10 500 кг болгон пияз түрүндөгү жашылча-жемиш жүктү Тажикстандын аймагына мыйзамсыз […]Читать далее
КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик чек араны кесип өтүү учурунда 1985-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны М.Д.М. (башка толук аты-жөнү Турсунбаев Диербек Муратбекович) кармалды. Ал өзүн КР УКМК кызматкери катары тааныштырып, жеке ишкерлердин ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алган. Тергөөнүн жүрүшүндө, М.Д.М. КР жарандык бир нече паспорту бар экени жана өзүн КР УКМКнын […]Читать далее