КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын аймагында иштеп жаткан 120 күрөөканада мыйзамдын сакталышы боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын лицензиясы жок иштеген 2 ломбард, Салык мыйзамдарын одоно бузган 2 ломбард, иш-аракетинде насыя алуучуларга карата алдамчылык аракеттердин белгилери байкалган 3 ломбард аныкталган. […]Читать далее
Жалал-Абадда чиркөөдө террордук чабуул жасоого аракет кылган өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти. Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, кармалган Р.М.Р. жана У.М.Т. аттуу 16 жаштагы эки өспүрүм “Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан” эл аралык террористтик уюмунун мүчөлөрү болуп саналат. “Бул балдар аралыктан интернет аркылуу “ИМ-ВХ” ЭТУнун катарына […]Читать далее
Интимдик кызмат көрсөтүүчү жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы. КР УКМК Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте тергөөнүн жүрүшүндө, кылмыш ишинин материалдары боюнча ыкчам-тергөө иштеринин алкагында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө) беренеси боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган кылмыштын негизинде Чүй облусунын Токмок шаарынын аймагында […]Читать далее
Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы ноябрь айында милицияга Ысык-Көл районунун тургуну өзү жашаган үйүндө ок атуучу куралын мыйзамсыз сактап жүргөнү жөнүндө ыкчам маалымат түшкөн. Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук жуналына катталып, алгачкы тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө […]Читать далее
Оштогу №25 колониядагы камералардан 17 даана уюлдук телефон, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылып, алынган. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлайт. Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, тыюу салынган буюмдарды эркин алып жүрүү боюнча бул мыйзамсыз иш-аракеттер мекеменин экс-жетекчиси Ж.У.нын макулдугу менен жүргүзүлүп, көрсөтүлгөн коргоо үчүн соттолгондордон системалуу түрдө пара алып турган. […]Читать далее
Аламүдүн районунунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактарды сактоочу жай
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган, ошондой эле бир катар буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн бетин ачуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, маркум криминалдык авторитет К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан жасалган, курал-жарактардын жана жардыргыч заттардын арсеналы менен катылган жашыруун жай табылды. Такталган боюнча, Чүй облусунун Аламүдүн […]Читать далее
Бишкекте жеке тиш догдурда чарчап калган 3 жаштагы кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу агенттикке шаардын Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы) боюнча кылмыш иши козголгон. “Учурда териштирүү иштери уланууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, […]Читать далее
ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери тарабынан Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасына спиртти мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюу боюнча атайын операция ийгиликтүү жүргүзүлүп, Чүй облусунун аймагында жасалма спирт ичимдиктерин даярдоо жана мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесинин 2-бөлүгүнүн “Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү” жана 261-беренеси “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” менен […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы опузалап пара алганда кармалды, деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери салык чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн фактыларын аныктады. Чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Алынган маалыматка ылайык, Мамлекеттик […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда баңгизаттарды өндүрүү жана сактоо боюнча лаборатория табылды. Бул тууралуу КР ИИМ басма сөз кызматы маалымдады. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, ИИМнин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1979-жылы туулган Д.К.А. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдө “гашиш” жана “марихуана” баңги каражаттарын сатуу жана […]Читать далее