Массалык баш аламандыкка үндөгөн деген жүйө менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган журналисттер 2 айга тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук соту тарабынан кылмыш кылууга шектүүлөрдү камакка алуунун мыйзамдуулугун жана негидүүлүгүн текшерүү боюнча соттук материалдарды, ошондой эле баш коргоо чарасын кароо боюнча материалдарды иликтеди. Тергөө […]Читать далее
Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан ушул жылдын 17-январында пенитенциардык мекемелердин аймагына тыюу салынган предметтердин жана заттардын келип түшүү каналдарын аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө С.Н.Э. аттуу жаран кармалган. Анда жалпы салмагы 70,12 граммды түзгөн өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты (болжолдуу марихуана) бар 3 түрмөк табылган. Кармалган С.Н.Э маңзат каражаттарын аталган мекемеде […]Читать далее
Ош шаарында дарыкана жана азык-түлүк дүкөнүнүн кызматкери күчтүү дарыларды рецептсиз сатышкан. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан рецептсиз күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди саткан дарыканалардын түйүндөрү аныкталды. Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан контролдук сатып алуу жүргүзүлүп, […]Читать далее
Массалык башаламандыкка чакыруу менен козголгон кылмыш иши боюнча шектүүлөр камакка алынды, деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы. Милициянын маалыматына караганда, 2023-жылдын 30-декабрында интернет мейкиндигин мониторинг жүргүзүү учурунда, «Айт Айт Десе» жана Temirov Live интернет-аянтчаларында жайгаштырылган массалык башаламандыкка чакырган маалыматтар табылган. Бул окуя боюнча ИИМдин КБРинде катталып, Тергөө кызматы тарабынан соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. 2024-жылдын 12-январындагы экспертизанын корутундусуна […]Читать далее
2023-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Нурбек Абдиевдин катышуусунда гибриддик форматта ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 2023-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча кеңешме болуп өттү. 2023-жылы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан 1314 баңги кылмышы аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 6 тонна 680 кг 685 г баңги каражаттары, психотроптук заттар […]Читать далее
“Айт Айт Десе” жана “Темиров лайвдын” баракчаларында массалык башаламандыкка чакырыктар
Милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагын мониторинг жүргүзүү учурунда “Айт Айт Десе” жана Temirov Live аталышындагы социалдык баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жазаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, аталган маалымат боюнча иштин жагдайларына толук иликтөө жүргүзүү үчүн жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат КР ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан […]Читать далее
Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы кызматкеринин өкүмүн күчүндө калтырды. Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, биринчи инстанциянын өкүмү өзгөртүүсүз, апелляциялык арыз канааттандыруусуз калтырылды. Буга чейин А.Ч.К. Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 2023-жылдын февралында үч адамды өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Эскерте кетсек, 16-февраль күнү түндө Бишкектеги батирлердин биринен апасы, кызы жана уулунун сөөгү табылган. […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери бүгүн “24.KG” маалымат агенттигинин имаратын тинтүүгө алды. Атайын кызматтан билдиришкендей, тинтүү КР Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту үгүттөө” беренеси боюнча козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-изилдөө иш-чаранынын алкагында жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынган. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.Читать далее
КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча пландуу жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Чек ара кызматы менен биргеликте чек ара башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине аткезчиликке көмөктөшүү үчүн пара берүү фактысы боюнча бир топ адам кармалды. Ушул жылдын 14-январында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Билип туруп мыйзамсыз аракет (аракетсиздик) жасоо үчүн пара берүү) боюнча козголгон […]Читать далее
Жалал-Абад шаарындагы соода-базар комплекстеринин биринин ээси ижара акысын негизсиз жогорулатып, кирешесин жашырганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан алдамчылык жана салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча Жалал-Абад шаарындагы соода-базар комплекстеринин биринин ээси КР жараны И.Н.А. кармалган. И.Н.А. бир нече жылдан бери соода түйүндөрүнүн ижарачыларынын оор абалынан пайдаланып, ижара акысын […]Читать далее