“Бишкек” эркин экономикалык аймагында 13,8 млн сомдук мамлекеттик мүлк мыйзамсыз сатылып кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Бишкек” эркин экономикалык аймагында текшерүү жүргүзүлдү. Анда 1997-жылы мамлекеттик менчикте болгон аянты 428,8 чарчы метр жери менен өндүрүштүк имараттар “И-м Т-ко” ЖЧКна 40 жылга ижарага берилип, “Бишкек” ЭЭАнын жана аталган […]Читать далее
Ошто бир миллион сомдук аткезчилик жол менен алынып келген дары-дармектер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында К.Х. аттуу жаран Россиядан Кыргызстанга аткезчилик жол менен дары-дармектерди алып келип, андан ары Өзбекстанга кайра аткезчилик жолу менен сатып жатканы аныкталган. Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Экономикалык контрабанда” беренеси менен кылмыш иш […]Читать далее
Башкы прокуратура Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ЖЭБдин кызмат адамдары кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгынан жана магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн эксплуатациялоодо коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан 2024-жылдын 2-февралында болжол менен саат 03:00 чамасында Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги жабдуусунда жарылуу болгон. Натыйжада ЖЭБдин 5 жумушчусу ар кандай жаракат алышып, медициналык мекемелерге жеткирилген. Ошону […]Читать далее
Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарак жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга жергиликтүү тургундардын бири үйүндө мыйзамсыз курал-жарак сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат түшкөн. Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБге каттоого алынып, ыкчам издөө-иш-аракеттеринин натыйжасында мыйзамсыз курал сактаган жаран 1991-жылы туулган А.Б. экени аныкталган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл райондук […]Читать далее
Таласта психикалык оорулууларга айдоочулук күбөлүк алууга мыйзамсыз медсправка берилген
Психиатриялык жана наркологиялык каттоодо турган адамдарга айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн мыйзамсыз түрдө медициналык справка берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Талас облусунун аймагындагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Талас облусунун Манас жана Айтматов райондору боюнча Дарыгерлер борборунун айрым кызматкерлери тарабынан психиатриялык жана наркоманиядан дарылануу үчүн каттоодо турган адамдарга […]Читать далее
Бишкектин четиндеги Эне-Сай жаңы конушунан ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облустук милициясынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, 1-февралда саат 17:37де Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Алма-Ата көчөсү менен айланма жолдун кесилишинен жаңы төрөлгөн баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ымыркайдын […]Читать далее
Ноокенде мыйзамсыз кийим-кече базарын уюштуруп, контейнерлердин ээлеринен акча каражатын чогултуп жүргөн тургун кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ноокен районунун Масы айылында Эски-Масы-Сай каналынын жээгинен соода-базар комплекси (кийим-кече базары) үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сел суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн балансына киргизилген жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык көрүнүштөр аныкталды. […]Читать далее
Мурда “Ак-Жол Болсун” ЖЧКсына таандык болгон 0,2275 га чарбалык жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Жер тилкеси мыйзамсыз алынган жерлерди кайтарып алуу боюнча мамлекет жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында кайтарылган. Тактап айтканда, аянты 2275 чарчы метр жер тилкесин кайтарып берүү жөнүндө доо биринчи инстанция (Ысык-Көл […]Читать далее
Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө алынган “Каракол” мамлекеттик жаратылыш паркы мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди легализациялоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Каракол лыжа базасынын жанындагы […]Читать далее
2023-жылы Кыргызстанда балдарга карата кылмыштардын саны өстү. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылы балдарга карата кылмыштар боюнча 1 миң 832 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 679 кылмыш иши балдарга карата зордук-зомбулук фактылары боюнча болгон. “Аталган кылмыш иштердин ичинен 1 миң 86 кылмыш иши соттук кароого […]Читать далее