УКМК тарабынан КР ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда жума сайын берилип турчу 10-15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам издөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери милициянын капитаны А.Ч.Т. кармалды. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Министрлер Кабинетинин алдындагы алкоголдук продукцияларды чыгарууну контролдоо боюнча мамлекеттик агентство менен биргеликте 2023-жыдын 18-июлунда контрафакттык алкоголдук продукцияларды чыгаруу боюнча жашыруун цехтердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы даректер боюнча, ошондой эле Ош базарындагы “Берекет универсал” соода түйүндөрүндөгү тинтүүнүн натыйжасында ар кандай көлөмдөгү 3 миң 350 литрди түзгөн […]Читать далее
2023-жылдын 14-июль күнү саат 20:30да Сокулук районунун Селекционное айылында болжол менен 150дөн ашык белгисиз адамдар алдын ала макулдашуу боюнча коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум нормаларын одоно бузушуп, «Ичүүчү суунун жетишсиздигинен улам» деген шылтоо менен Бишкек-Күн-Туу унаа жолун тосуп, окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларга таш ыргытышкан. Аталган факт Сокулук […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан улуттар, аймактар жана конфессиялар аралык негиздеги сабырсыздык көрүнүштөрүнүн фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Интернет мейкиндигинде жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында “Фуйсбук” социалдык тармагында чагымчыл аккаунтту аныкталды, ал өлкөнүн жарандарынын арасында кастыкты козуткан ар кандай тенденциялуу материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган. Бул аккаунт Бишкек шаарынын тургуну “Ч.А.С.” аттуу […]Читать далее
2023-жылдын 14-июль күнү саат 20:30 убакытта Сокулук районуна караштуу Селекция айылында, “түштүк магистраль” автоунаа өтүүчү жолду жоон топ адамдар тосуп алып, автоунаалар өтө албай калгандыгы жөнүндө Сокулук РИИБтин нөөмөт бөлүмүнө маалым болгон. Сокулук РИИБтин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда, жүздөн ашык жаран жолду тосуп автоунааларды өткөзбөй жатканы такталып, ал жарандар Селекционное айылынын тургундары […]Читать далее
КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жалган ишкердик фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ушул жылдын 14-июлунда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү «Узун Улан» каймана аты бар У.Барчакеевдин аталаш бир тууганы, К.Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы – С.А.С., ошондой эле, уюштуруучусу […]Читать далее
2023-жылдын 7-июлунда саат 14:35те Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайма-Тоо милиция бөлүмүнө, Ош областар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башкы дарыгери А.Асанова кабар берип, анда белгисиз журналистер келип, төрөт үйүндө уруксатысыз видео-тасмага тартып жумушуна тоскоолдук кылып жаткандыгын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Аталган билдирүү ошол эле күнү Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн маалымат электрондук […]Читать далее
ИИМдин тергөө кызматына мыйзамсыз аракеттердин аныкталган фактылары боюнча ыкчам кызматтардан маалымат келип түшкөн. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында бинардык опциондорго жамынган 45ден ашык оюн-зоок жайлары иштеп, аларда интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган. Бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келген. […]Читать далее
2023-жылдын июль айында “Мак-2023” операциясынын алкагында “Кара куурай” аталышындагы иш-чаранын биринчи этабы өттү. Жогорудагы ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында прокуратура, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери курамына кирген 1231 адамдан турган 71 бригада түзүлгөн. Республика боюнча жалпысынан 94 тонна 22 кг кара куурай орулуп өрттөлдү. Алардын […]Читать далее
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМК менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагына ири өлчөмдөгү психотроптук заттардын ташылып келүүсүнө жана сатылышына бөгөт коюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү өткөрдү. Буга чейин ыкчам кызматкерлер Кыргыз Республикасына психотроптук заттардын ири партиясын алып келүү жана сатуу каналын түзгөн белгисиз адамдар тууралуу маалыматты текшеришкен. 2023-жылдын 17-майында ИИМдин БМЖКККнын, […]Читать далее