Жалал-Абадда сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарган судьяга кылмыш иши козголду

 Жалал-Абадда сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарган судьяга кылмыш иши козголду

Жалал-Абадда сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарган судьяга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун мурдагы төрагасы К.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

Ал 2021-жылдын 17-сентябрында өндүрүшүндө Б.К.нын мыйзамдуу өкүлүнүн жаңыдан ачылган жайдайлар жөнүндө арызы жоктугуна карабай, сот отурумунун катышуучуларын катыштырбастан, сот жыйналышынын протоколдорун түзбөстөн, жалгандан жарандык ишти өзгөчө тартип менен караган.

Т.Н. Тогуз-Торо райондук сотунун 2021-жылдын 6-июнундагы чечими менен Казарман айылынын Нур-Жайык кичи шаарчасында жайгашкан батирди менчик ээси катары К.Т.ны табуу жөнүндөгү чечимин өзүнүн сот адилеттигине жатпаган аныктамасы менен жокко чыгарып, ошол эле жылы декабрь айында аталган батирге Ж.М.ди менчик ээси катары каттоону Кадастрга милдеттендирген.

Соттун мурдагы төрагасы К.Н.дин жогорудагы сот адилеттигине жатпаган мыйзамсыз соттук актылары жогору турган соттук инстанциялар тарабынан жокко чыгарылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун мурдагы төрагасы К.Н.ге карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 352-беренеси (сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү УКМКга тапшырылды.

Связанный пост