Салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык контролунун жүрүшүндө уруксат берүүчү документтери жок күйүүчү майды (КММ) сактоочу кампаны аныкташты. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкек шаарындагы жеке автобазанын аймагында кампадан эсепке алынбаган 14 930 литр күйүүчү-майлоочу материалдар табылган. Болжолдуу түрдө КММ мындан ары мыйзамсыз сатуу үчүн сакталган. Азыркы учурда продукция убактылуу тартып алынып, эсепке алынбаган КММди мамлекеттик кирешеге конфискациялоо маселеси […]Читать далее
“Коррупция” беренеси боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө 35 кыймылсыз мүлк камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн жетекчилери өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке жактарга жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган. Башында Тунгуч кичи районуна жакын жайгашкан 323-контурдагы жер тилкелер жеке […]Читать далее
Сокулук районунда интимдик кызмат көрсөткөн сойкукананын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Сокулук районунун ИИБ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (“Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү”) туралуу каралган кылмыш белгилери боюнча 2024-жылдын 18-февралында Сокулук районунда жайгашкан “Аполлон” мейманканасында интимдик кызмат көрөсөткөн 15.06.1983-ж.т. К.Д.Э. […]Читать далее
Аскер кызматкеринин мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүсү тастыкталды: аскер бөлүгүнүн командирлери
Каракол шаарындагы 2028 аскер бөлүгүнүн жооптуу кызмат адамдары камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, КР Аскер прокуратурасы тарабынан кенже сержант Ж.Асанакунованын 2028 аскер бөлүгүндөгү жооптуу кызмат адамдарынын бир топ мыйзамсыз аракеттери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылган видео кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө Ж.Асанакунованын кайрылуусундагы 5 дооматы боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Аталган […]Читать далее
Айыл чарба министрлигинде, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө финансылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти. 16-февралда Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында, 2021-2022-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет каралды. Аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы 472 млн 357,2 миң сомдук финансылык тартип бузуулар жана кемчилдиктер аныкталды: каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кем чыгуулар – 60 […]Читать далее
Кара-Сууда чет элдик жарандан опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы маалымдады. 2024-жылдын 12-февраль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кытай Эл Республикасынын жараны 1969-жылы туулган Л.Ч арыз менен кайрылган. Анда Азам аттуу жаран “сен 58 000 (элүү сегиз миң) АКШ долларын беришиң керек”- деп коркутуп, опузалап акча […]Читать далее
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинде системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Калктты каттоо департаментинин 06-04 аймактар аралык бөлүмүндөгү (Ош областы, Кара-Суу району, жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү) кызмат адамы тарабынан системалуу түрдө […]Читать далее
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары тарабынан мамлекетке дээрлик 200 млн сомдук зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна Башкы прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшундө фонддун жооптуу кызмат адамдары 2019-2022-жылдар аралыгында кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жана жеке жактар менен туруктуу коррупциялык байланыштарын түзүшүп, […]Читать далее
Ысык-Ата районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин директору М. М. А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиттетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жер тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2001-2022-жылдар аралыгында Чүй токой чарбасы жана Чүй-Токмок “Кадастры” тарабынан 150 гектардан 4 сотука чейин аянттан 226 бирдик жер тилкелерине мамлекеттик актылар мыйзамсыз берилген. Аталган […]Читать далее
Өзгөндө экстремисттик уюмдун материалдарын таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы маалымдады. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте экстремизмге каршы күрөшүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында “Тiк Ток” социалдык түйүнүнүн активдүү колдонуучусу фейк аккаунту аркылуу экстремисттик […]Читать далее