Бишкекте уруксат берүүчү документтери жок күйүүчү май сактаган кампа аныкталды

 Бишкекте уруксат берүүчү документтери жок күйүүчү май сактаган кампа аныкталды

Салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык контролунун жүрүшүндө уруксат берүүчү документтери жок күйүүчү майды (КММ) сактоочу кампаны аныкташты.

Ведомстводон билдиришкендей, Бишкек шаарындагы жеке автобазанын аймагында кампадан эсепке алынбаган 14 930 литр күйүүчү-майлоочу материалдар табылган. Болжолдуу түрдө КММ мындан ары мыйзамсыз сатуу үчүн сакталган.

Азыркы учурда продукция убактылуу тартып алынып, эсепке алынбаган КММди мамлекеттик кирешеге конфискациялоо маселеси боюнча материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилет.

Салык кызматы өлкөнүн аймагындагы нефтепродуктуларды мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иштерди улантууда.

Связанный пост