Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, чет элдик жарандар катышкан эл аралык мыйзамсыз миграциянын каналы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу КРнын УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады. Такталгандай, Пакистандын жарандары М.Р. жана А.В. ири суммадагы акчалай сыйлык алуу үчүн, Пакистандан келген туристтерге Италия Республикасынын жасалма Шенген визаларын туруктуу сатуу каналын уюштурушкан, андан ары […]Читать далее
2023-жылдын 11-15-сентябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын аймагында баңгизатка каршы эл аралык “Канал-Перехват” операциясы жүргүзүлгөн. Бул тууралуу КРнын ИИМдин басма көз кызматы маалымдады. Аталган операцияга 2 миң 240 укук коргоо кызматкерлери (ички иштер органдары, коопсуздук органдары жана чек ара кызматтары, бажы кызматтары) тартылган. «Канал-Перехват» операциясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында 24 баңгикылмышы катталып, алар боюнча 26 адам кармалган. […]Читать далее
2010-жылдын июнь айында массалык баш аламандыктарды уюштурган сепаратисттик топтордун лидерлери
2023-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Сузак районунун аймагынан КР жарандары, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 1980-жылы туулган К.Х.М., 1972-жылы туулган А.А.А., 1961-жылы туулган К.П.Т., 1965-жылы туулган А.А.А., 1958-жылы туулган М.А.И. жана 1971-жылы туулган К.Ш.Т. кармалды. Кармалган жарандар Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери болуп, массалык баш аламандыкка чакырып, жол тосууларды уюштуруп, сепаратисттер көзөмөлдөгөн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан билим берүү тармагындагы коррупцияны азайтуу боюнча иштер улантылып, дагы бир кылмыш иши козголду, анын алкагында балдардын тамак-ашын негизинде мыйзамсыз баюу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери К.А.К. жана Д.А.А. тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, токтотулду. Тергөөнүн жүрүшүндө, жогорудагы адамдар, жеке материалдык пайда алуу максатында […]Читать далее
2023-жылдын 11-сентябрында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында сапаты жана баасы арзандатылган көмүрдү коңшу өлкөлөргө экспорттоого тиешеси бар адамдарды тинтүү жана кармоо иштери жүргүзүлдү. Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн кызмат адамдарынын аракеттеринде ишкердиктин субъекттерине жүк ташуу документтеринде базар баасынан 3-5 эсе төмөн бааны көрсөтүү менен […]Читать далее
«Балыкчы-Бишкек» поездинин «Люкс» вагонунун панорамалуу айнегин сындыргандар материалдык чыгымды төлөп
2023-жылдын 1-августунда саат 21:15 чамасында Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылы жана Кант шаарындагы темир жол тилкесинде «Балыкчы-Бишкек» жүргүнчү поездинин «ЛЮКС» вагонунун панорамалуу айнеги белгисиз адамдар тарабынан таш ыргытуу менен талкаланып, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын вагон чарба филиалы үчүн материалдык зыян келтирилген. Келтирилген зыяндын суммасы 52384,96 сомду түзгөн. Бул факты боюнча 2023-жылдын 2-августунда Ысык-Ата районунун […]Читать далее
Камчыбек Ташиев УКМКнын Жумгал районундагы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземинде атайын кызматтын кызматкерлерин мыйзам бузгандарга кылдат байкоо салып, мамлекеттин тынчтыгына залал келтиргендерге өз убагында чара көрүүгө чакырды. “30 жылдан бери бир гана саясат менен алектенип келе жатабыз. Мамлекетте 3 жолу төңкөрүш болду, бирибиз бийликке келип камадык, экинчибиз келип чыгардык. Бирок мамлекетибиз өнүгүп, куралдуу күчтөрүбүз чыңдалып, […]Читать далее
ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Москва районунун ИИБнын жана Чүй облусунун Москва районундагы Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 42 жаштагы Р.А. аттуу жаран баңгизаттарды режимдик аймакка өткөрүп берүү аракеттенген учурда кармалган. Жеке текшерүү учурунда шектүү жарандан скотч менен оролгон беш брикет табылган, алардын ичинде кара куурайдын өзгөчө жыты бар кочкул жашыл зат болгон. Алынган заттын салмагы […]Читать далее
КР УКМК, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнүн диспозициясына (“Массалык баш аламандыктар”) туура келген чагымчыл маанайдагы материалдарды системалуу түрдө “Фейсбук” социалдык тармагында жарыялаган “Зарина Төрөкулова” аккаунтунун ээси – КР жараны Т.З. аныкталганын билдирет. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.З. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. […]Читать далее
Москва районунда жайгашкан түзөтүү мекемесине баңгизат ыргыткан бир эки жаран кармалды. Ыргыткан жеринде өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү скотч менен оролгон эки брикет зат табылды. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, шарттамалуу объекттин аймагына өткөрүүгө аракет кылган заттар канабис чайыры (гашиш), жалпы салмагы 454 граммды түзгөн. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери […]Читать далее