Алайда сейрек кездешүүчү жаныбарды аткан жарандар аныкталды

 Алайда сейрек кездешүүчү жаныбарды аткан жарандар аныкталды

Алайда сейрек кездешүүчү жаныбарды аткан жарандар аныкталды. Бул тууралуу Ош облусунун ИИБ басма сөз кызматы маалымдады.

2024-жылдын февраль айында Алай райондук ички иштер бөлүмүнө мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн атуулдар жөнүндө ыкчам маалымат катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 15-февраль күнү аңчылык кылып кайткан 4 атуул текшерилип, алардын жанынан бир даана жаныбардын башы, төрт даана туягы, 6 даана пакетте жаныбардын эти, эки даана канааттуу жана 4 даана ок атуучу куралдар, ок-дарылары менен кошо алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Топтолгон материалдын жана экспертизанын корутундусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Жоголуу коркунучунда турган жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүнө, ошого тете пайдаланууга тыюу салынган жаныбарларга карата) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Алай районунун 1973-жылы туулган К.К., 1974-жылы туулган А. уулу Ж., 1990-жылы туулган М.уулу А. жана Ош шаарынын 1974-жылы туулган Ү.К. аттуу тургундары кармалышып, тергөө кызматына камсыз болушкан. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алар тыюу салынган убакта жоголуу коркунучунда болгон, сейрек кездешүүчү куран (сибирская косуля) жаныбарын атып өлтүргөндүгү аныкталган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Связанный пост