Коргоо министринин жардамчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат Аскер прокуратурасы менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (“Мамлекеттик же муниципалдык кызматтын тутумунда кызмат берүү үчүн пара алуу”) каралган кылмыш ишинин алкагында коргоо министринин жардамчысы полковник О.У.Ж. кармалды. Текшерүү учурунда аныкталгандай, аталган О.У.Ж. өзүнүн меркантилдик максаттарын көздөп, акчалай сый акы […]Читать далее
Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору У.С.И. коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында коррупцияга шектелип кармалган ал 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейин “Кыргызтрансавто” мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турган учурда айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен “Токчулук” мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Белгиленгендей, атайын кызмат Мамлекеттик салык кызматынын жогорку кызмат адамдарына карата Коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. УКМК акциздик продукцияларды (алкоголдук жана кант камтыган продукция, тамеки буюмдарын) […]Читать далее
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын экс-жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан тоо-кен тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын мурдагы башчысы Ж.М.Ш. кармалды. Ал мөңгүнү талкалоо жолу менен жана компетенттүү органдар менен макулдашпастан Ош облусунун Кара-Суу […]Читать далее
Эсептөө палатасынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Атайын кызмат тарабынан Эсептөө палатасынын тутумундагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюунун алкагында Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө пара алуу жана берүү фактысы аныкталды. Белгиленгендей, Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси К.М.М. кызматтык абалынан пайдаланып, аудитордук текшерүүлөрдүн жылдык, кварталдык […]Читать далее
«Түндүк-Чыгыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамын бузуу фактысы аныкталды. МБКнын басма ссоз кызматынын маалыматына ылайык, Кытай Эл Республикасынан «Кыргызмебель» БТЖга «Х» ЖЧКнын дарегине жалпы салмагы 29 290 кг. түзгөн «түрдүү түстөгү жемиштер» жана «папаи жемиштери» кондитердик азыктары келген. Бирок, бажы текшерүүнүн жүрүшүндө 2 000 кг «Желе» түрүндөгү […]Читать далее
Ошто системалуу түрдө акча талап кылып келген бажы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан “Коррупция” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 4-декабрда Кара-Суу районунун аймагында Бажы кызматынын “БИМИ Ош сервис” бажылык каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери арасында бажы тазалоо жол-жоболорун тездетип жүргүзгөндүгү жана бажы мыйзамдарын бузууларды жашыргандыгы үчүн тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алдамчылыкка жана документтерди жасалмалоого шектүү жактоочуну кармады. Атайын кызматтан билдиришкендей, М.С.А. аттуу адвокат жактоочулук ишин жүргүзүү менен, сот органдарындагы кызмат адамдар менен байланышы бар экендигин айтып, ишенимге кирип, 22 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган. Мындан тышкары М.С.А. өзүнүн кылмышын жашыруу максатында документтерди жасалмалаган. Буга байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан экинчи […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын жогорку кызматтагы бир катар кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалган салыкчылар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө.Читать далее
Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан Сузак районунун Октябрь айылында жайгашкан “Кенжетай” балдар бакчасынын кызматкерлери тарабынан тарбияланып жаткан балдарга карата жасалган ырайымсыз мамиле чагылдырылган факты боюнча кылмыш иши козголду. Тактап айтканда, Сузак районунун Багыш айыл аймагынын №1-Кенжетай балдар бакчасынын кызматкерлери тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбай, балдарга карата ырайымсыз мамиле жасашып, ата-энелердин балдарына карата зомбулук көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча балдар […]Читать далее