Кикбокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Салиха Гобоева Бангкок шаарында (Таиланд) өтүп жаткан Азия чемпионатында 56 кг салмакта коло байгенин ээси болду. Спортчу кыз-келиндер арасында «лоу-кик» дисциплинасында беттешти. Биринчи беттешинде жеңип, ал эми жарым финалда кореялык спортчуга жеңилип 3-орунду ээледи.Читать далее
Кикбокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Адилет Улан уулу Бангкок шаарында (Таиланд) өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты. Спортчу 60 кг салмак категорияда К-1 дисциплинасында күч сынашууда. Алгачкы беттешинде Казакстандык балбанды жеңген. Финалда Өзбекстандык спортчу менен күч сынашат.Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турниринин экинчи күнү башталды. Бүгүн, 15-декабрда, тайпалык баскычтан өткөн 8 команда турнирде жеңиш үчүн күрөшүн улантат. Плей-офф баскычындагы оюндар “Газпром балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинин базасында өткөрүлөт. Күйөрмандар үчүн кирүү акысыз.Читать далее
Оор атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Колумбияда өтүп жаткан оор атлетика боюнча Дүйнө чемпионатында кичи коло медаль жеңди. Спортчу 102 кг салмак категорияда катышты. Жулкуп көтөрүүдө спортчу 171 кг көтөрсө, түртүп көтөрүүдө 217 кг көтөрүп, аталган көрсөткүчтө коло байге жеңди. Ал эми жалпы эсепте 388 упай менен 4-орунду ээледи.Читать далее
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 16-19-декабрь күндөрү эркектер жана кыз-келиндер арасында оор атлетика боюнча 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетика боюнча Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык турнир өтөт. Мелдеште спортчулар төмөнкү салмак категориялары боюнча катышат: Эркектер: 55, 61, 67, 73, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда бүгүн, 14-декабрда, Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турнири уланууда. Иш-чарада мамлекеттик органдардын, парламенттин, сот, укук коргоо органдарынын, элчиликтердин, массалык маалымат каражаттарынын, бизнестин, маданияттын, спорттун, дин кызматкерлеринин жана башка тармактардын өкүлдөрү кирген 16 команда ат салышууда. Бүгүн тайпалык оюндар өтүүдө, эртең чейрек финал, жарым финал жана финалдык беттештер орун алат. Иш-чара Кыргызстандын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү өтүүчү салтка айланган “Мурас” достук турнири старт алды. Бүгүн, 14-декабрда, иш-чаранын ачылышы “Газпром балдарга” дене тарбия – ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде болду. Мамлекет башчысы өз сөзүндө катышуучуларды кезектеги салттуу “Мурас” оюндардын башталышы менен куттуктап, биринчи турнир өткөн жылы белгиленген кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналганын эске салды. Садыр […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 13-18-декабрь күндөрү, Мельбурн (Австралия) шаарында өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Петрашов 50,100. 200 м аралыктарына брасс ыкмасы менен сүзөт. Спортчу башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчили астында мелдешке катышат. Белгилей кетсек, мелдешке 173 өлкөдөн 850 спортчу катышып, жалпы байге фонду 2 млн АКШ долларын түзөт.Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири үстүбүздөгү жылдын 14-15-декабрында өтөт. ФОК “Газпром детям” спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү спорттук иш-чарага 16 команда катышат. Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү. Эске салсак, […]Читать далее
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 10-декабрь күнү гиря боюнча эркектер арасында Республикалык чепионаты жыйынтыкталды. Мелдешке аймактардан келген жалпы 60 тан ашык спортчу катышты. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: Юниорлор: 58 кг 1-орун – Темирлан Мурасбек уулу; 2-орун – Канболот Маматкалиев; 3-орун – Кутман Кенжебеков. 63 кг 1-орун – Чыңгыз Аманбеков; 2-орун – Бекмамат Кадиров; 3-орун – Асадбек […]Читать далее