19-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 343кө жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка караганда, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат. БШКнын маалыматына ылайык, алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу […]Читать далее
Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Булаев баштаган жетекчилери менен жолукту. Элчиликтен билдиришкендей, жолугушууда Россиянын аймагында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу маселелери талкууланды. Жолугушууда элчи Бөкөнтаев Россиянын 31 шаарында 40 шайлоо участкасын ачуу боюнча уюштуруу маселелерин талкуулады. Ошондой эле РФ Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги тарабынан уюштурулган видеоконференция […]Читать далее
Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрда “2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө” токтомду талкуулап, кабыл алды. Боршайкомдон маалымдашкандай, токтомго ылайык мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө жалпы көлөмү 700 млн сом болгон чыгымдардын сметасы бекитилди. Бул каражаттар төмөнкүдөй багыттар боюнча бөлүштүрүлгөн: Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдары […]Читать далее
Шайлоодо ат салыша турган талапкерлердин саны 250дөн ашты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 14-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 257ге жетти. БШК белгилегендей, талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда ѳтѳт. Талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкердин шайлоо фонду 20 млн сомдон ашпоого тийиш. Бул тууралуу 14-октябрда Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын мүчөсү Бахадыр Коңуров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, талапкерлердин жана саясий партиялардын бардык финансылык каражаттары атайын шайлоо эсептерине гана түшүүсү керек. “Саясатчылар жана талапкерлер ыйгарым укуктуу банктарда эсеп […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жөнүндө ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 229га жетти. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. БШК маалымдагандай, жарандардан арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. 10-ноябрда шайлоого катыша турган талапкерлердин үгүт иштери башталат.Читать далее
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо. “Ынтымак Ордодо” республикалык штабдын алгачкы жыйыны өттү
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын биринчи отурумун өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө шайлоо комиссияларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо жана шайлоону ачык-айкын өткөрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча негизги маселелер талкууланды. Минкаб төрагасы мамлекет шайлоо процессин мыйзамды так сактоо […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдиргендерден арыздарды кабыл алуу уланууда. Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынан маалымдашкандай, 12-октябрга карата 198 адам талапкерлигин көрсөттү. Эске салсак, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Белгилей кетсек, 30-ноябрда өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.Читать далее
Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоосуна катышуу ниетин билдирген жарандардын тизмесин жарыялады. Эске салсак, 2025-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. БШК шайлоого катышууга ниетин билдирген жарандардан арыздарды кабыл алууну улантууда. Талапкерлердин тизмеси шайлоо округдары боюнча түзүлгөн. Ар бир жаран өз аймагындагы талапкерлер тууралуу маалымат менен […]Читать далее
Күн мурун, 8-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушту. Элчи БШКнын ишин жогору баалап, Кыргызстандын шайлоо процессинде колдонулган технологиялардын прогрессивдүү мүнөзүн белгиледи. “Францияда шайлоолор дагы эле кол менен өткөрүлөт. Биз сиздердин тажрыйбаны кызыгуу менен изилдейбиз. Себеби Францияда шайлоолор дагы эле кол менен эсептөө ыкмасы менен өтөт», – деп […]Читать далее