Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лорд Дэвид Кэмерон Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Жогорку даражалуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусупов тосуп алды. Сапардын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги […]Читать далее
Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Джон Марк Поммершайм менен жолукту. Бул тууралуу КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Джон Марк Поммершайм Бишкекке Кыргызстан жана АКШ ортосунда кезектеги эки тараптуу консультацияларга катышуу үчүн келген. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар күн тартибиндеги негизги маселелерди жана […]Читать далее
Наманган шаарында (Өзбекстан Республикасы) кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын курамындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды. Талаа изилдөөлөрү жүргүзүлүп, анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын делимитация сызыгын жылдыруу боюнча тапшырмалар такталды. Сүйлөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү. […]Читать далее
Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов менен Индиянын Тышкы иштер министринин жаңы дайындалган орун басары П.Капур менен жолукту. КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, элчи Бешимов маектешин министрдин орун басары кызматына дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык аспектилери боюнча эң активдүү биргелешкен ишке даяр экендигин билдирди. […]Читать далее
2024-жылдын 14-апрелинде Ташкент шаарында “Борбор Азия –Булуңдагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши” Стратегиялык диалогунун тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйынына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министри Абдулла Али Аль-Яхья мырза менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда […]Читать далее
Кыргызстан менен Омандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Саид Альбусаиди эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу “Борбор Азия – Булуңдагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши” Стратегиялык диалогунун тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйынына катышуунун алкагында 14-апрелде Ташкентте өттү. Тараптар саясий, экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатактын курчушуна чоң кооптонуусун билдирет жана тараптарды бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга чакырат. “Кыргыз Республикасы тараптарды чыр-чатакты эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө дагы […]Читать далее
Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинде Россиянын элчилигинин кеңешчи-консулу Андрей Бурьевой менен жолугушуу болуп өттү. ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарабы Россиянын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кеңешчисинин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата “Дипломатиялык мамилелер жөнүндө” 1961-жылдагы Вена конвенциясынын жоболорун одоно бузган аракеттерине өзүнүн тынчсыздануусун билдирди. Ошондой эле, Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аккредитациялан кызматкерлерине карата […]Читать далее
Кыргыз-Австриялык саясий консультациялар өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы билдирет. 2024-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Австрия Республикасынын Европалык жана эл аралык иштер боюнча федералдык министрлигинин ортосунда саясий консультациялар болуп өттү. Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев, ал эми австриялык делегацияны Австриянын Тышкы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Азербайжанга мамлекеттик визит менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжандын ТИМ башчысы Жейхун Байрамов менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берип жатып билдирди. Ал визит 2024-жылдын 24-25-апрелине пландалгандыгын айтты.Читать далее