Акыркы бир нече күндөн бери медиа айдыңында “Кемпир-Абад” суу сактагычынын айланасына байланыштуу талкуулар жүрүүдө. Тактап айтканда, ЖМКлар “Кытай Кемпир-Абаддан Ферганага таза суу жеткире турган долбоорду каржылайт” деген билдирүүлөрдү жарыялады. Буга байланыштуу “Кабар” агенттиги президент Садыр Жапаровго кайрылып, комментарий алды. — “Азаттык” медиасы Өзбекстан “Кемпир Абад” суу сактагычынан ичүүчү сууну Фергана шаарына тартып баштоону пландап […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлык транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруунун бирдиктүү тартибин, ошондой эле квалификациялык сынактарды кабыл алуунун, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү тартибин ишке киргизүү максатында даярдалды. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталын өткөрүп берди. Аларды кытай тарап эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы макулдашуулардын алкагында кайтарымсыз гранттык негизде өткөрүп берген. Мобилдик ооруканалар өзгөчө кырдаал аймактарында жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү максатын көздөйт. “China Sinopharm International” фирмасынын мобилдик госпиталы атайын жол тандабас автоунаалардын базасында […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Кадырман калайык-журт! Эне тилибиз мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна 34 жылдын жүзү болду. Эгемен мамлекет куруунун ишенимдүү жана чечкиндүү кадамына пайдубал болуп берген тарыхый чечим кабыл алынган бул күн – биз үчүн өзгөчө майрам күн. Андыктан, жалпы […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 17-21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуунун алкагында Нью-Йоркко (Америка Кошмо Штаттары) болгон иш сапары аяктады. 18-сентябрда Мамлекет башчысы БУУнун саммитинин ишине — Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча Саммиттин лидерлеринин диалогуна катышты. Ошол эле күнү Садыр Жапаров мамлекет башчылары жана каржы мекемелеринин жетекчилери — БУУнун Өнүктүрүү программасынын Администратору […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда Уолл-Стритте жайгашкан Нью-Йорк фондулук биржасына (NYSE) барды. Бул капиталдаштыруу боюнча Америка Кошмо Штаттарындагы жана дүйнөдөгү эң ири фондулук биржа. Нью-Йорк фондулук биржасынын вице-президенти Джон Таттл сооданы жеңилдетүү үчүн колдонулган, төрт соода залдарынан турган NYSE соода аянты жөнүндө, ошондой эле анын тарыхы, түзүмү жана ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири айтып берди. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, Нью-Йорк шаарына (АКШ) болгон иш сапарынын алкагында америкалык «Oppenheimer Asset Management» көп улуттук инвестициялык банкынын жана компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. “Oppenheimer Asset Management” компаниясынын президенти Роберт Ловенталь жана башкармалыктын төрагасы Альберт Ловенталь менен ишкердик баарлашуу компаниянын башкы кеңсесинин имаратында болуп өттү. Тараптар мүмкүн болгон биргелешкен пландар жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, Нью-Йорк шаарына (АКШ) болгон иш сапарынын алкагында америкалык ири финансылык жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчысы менен жолугушууга финансылык кызматтарды көрсөтүү, консалтинг, инвестицияларды башкаруу, инновациялык финансылык чечимдер чөйрөсүндөгү алдыңкы компаниялардын жетекчилери катышты. Атап айтканда — “Oppenheimer” (50 жылдан ашык иш тажрыйбасы жана башкарууда 37 млрд АКШ […]Читать далее
Президент Жапаров Нью-Йорк шаарында АКШнын Президенти менен жубайынын атынан кабыл алууга катышты. Салттуу кабыл алуу расмий иш-чаралардан кийин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясына катышкан мамлекет башчыларынын урматына өттү.Читать далее
“2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана Кыргыз Республикасынын демилгеси менен […]Читать далее