Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда, Ташкент шаарына болгон иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, атап айтканда, достук мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Тараптар эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен ири инвестициялык, транспорттук жана энергетикалык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда, иш сапары менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) келди. Мамлекет башчынын борту Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко конду. Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Эскерте кетсек, сапардын алкагында Мамлекет башчысы Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитинин ишине катышат.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда, Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышуу үчүн Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) жөнөп кетти. Саммиттин алкагында өлкөлөрдүн лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын ичинде өз ара пайдалуу иштерди жөнгө салуу жана социалдык-маданий жана илимий-техникалык өнүгүүнүн ар кандай аспектилери боюнча өз […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Ташкентте ЭКУ мүчө-мамлекет башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышат
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 8-9-ноябрда Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышуу үчүн иш сапары менен барат. Өлкө лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде региондогу мамлекеттердин социалдык-маданий, илимий-техникалык өнүгүү боюнча мамилелердин ар кандай аспектилеринде өз ара пайдалуу аймактык экономикалык кызматташтыкты жана өз ара жардамдашууну түзүү аркылуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы өлкөдөгү белгилүү саясатчылардын бири болгон инсандын ишмердигин сүрөттөгөн “Элге арналган өмүр” көргөзмөсү менен таанышты. Андан соң Садыр Жапаров Абсамат Масалиевдин ишмердиги тууралуу даректүү тасманы көрүп, куттуктоо сөзү менен чыгып, анда […]Читать далее
“Абсамат Масалиевдин ысымы ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө тазалык менен аруулуктун, абийир менен ар-намыстын, элге адилет кызмат кылуунун символу катары сакталып калат”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чарада сүйлөп жатып, белгиледи. Мамлекет […]Читать далее
Президент журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: “Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Кыргыз журналистикасы жана басма сөз маалыматтары эгемендик жылдарында улуттук, маданий жана тарыхый […]Читать далее
Президент Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусу: “Урматтуу мекендештер! Ар бир элдин басып өткөн тарыхы, тили жана маданияты ошол элдин бүгүнкү, эртеңки жашоосу үчүн өтө маанилүү. Анткени, ошол тарых-таржымалы менен байтүп мамлекеттин келечеги калыптанат, андан ары өнүгүп-өсөт. Эгемен Кыргызстандын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси, КМШнын уставдык органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрбол Султанбаевди кабыл алды. Мамлекет башчысы Элчиге жооптуу дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Беларустун […]Читать далее
Садыр Жапаров Непалдын Президентине зилзаланын кесепетинен көптөгөн адам өмүрлөрү кыйылганына
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров зилзаланын кесепетинен көптөгөн адам өмүрлөрү кыйылганына байланыштуу Непал Федеративдүү Демократиялык Республикасынын Президенти Рам Чандра Пауделге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “4-ноябрга караган түнү Непалда болуп өткөн зилзаланын кесепетинен адам өмүрлөрү кыйылгандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Непал элине, ошондой эле каза болгондордун […]Читать далее