Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Москвада Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышууда. Жыйын Кремлдин Чоң сарайында Армениянын Премьер-министри Никол Пашиняндын төрагалыгы алдында өтүүдө. Анын ишине Евразиялык экономикалык биримдиктин мамлекет башчылары – Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын Президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, Евразия экономикалык кеңешинин мааракелик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди. Мамлекет башчынын борту Москва шаарындагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин […]Читать далее
“Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча
“Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, авариялык жана бузулууга тийиш деп белгиленген тартипте таанылган социалдык инфраструктура объекттерин андан ары колдонуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, иш сапары менен Россия Федерациясына жөнөп кетти. Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Москва шаарында Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга катышат. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар: – министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев; – тышкы […]Читать далее
“Жер казынасы жөнүндө” жана “Биосфералык аймактар жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер казынасы жөнүндө”, “Биосфералык аймактар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 17-апрелинде кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзамга ылайык “Жер казынасы жөнүндө” жана “Биосфералык аймактар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган: – аукциондун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында регионду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине арналган жумушчу кеңешме өткөрдү. Мамлекет башчысына таза суу менен камсыздоо, жол инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык объекттерди куруу жана реконструкциялоо, көп батирлүү ипотекалык үйлөрдү тургузуу, ошондой эле өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди. Кеңешменин жүрүшүндө […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Барак эксклавынан көчүп чыккан кыргызстандыктар жашай турган Жаңы-Барак жаңы айылынын түптөлүшүнө “мезгил кутусун” салуу салтанатына катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул күндүн бардык кыргызстандыктар үчүн тарыхый маанисин белгиледи, анткени Барак айылы Өзбекстандын аймагында жайгашкан эксклав болгондуктан, анын тургундары жарым-жартылай обочодо калып, көп […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Мектептин эски имараты 2015-жылдагы жер титирөөдө катуу жабыркап, жараксыз деп табылган, ал эми окуучулары И.В.Панфилов атындагы мектеп-гимназиясына көчүрүлгөн болчу. Жаңы имараттын курулушу ошол жылдары эле башталганы менен, долбоор 2020-жылга чейин токтолуп […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынат: 1. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 24-мартындагы №88 […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 8-майда Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш Парадына катышат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары “2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча […]Читать далее